Бишкекте үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкекте үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
21-Июнь 2019, Жума, 12:04

Бишкек шаарында үй өрттөнүп кошуна эки тамга жайылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын маалыматында өрт Полевая көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде чыккан. Өрттүн кесепетинен жанындагы кошуна үйгө жайылып, анын 60 чарчы метр чатыры өрттөнгөн.

Өрт кырсыгынан адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!