​32 жаштагы жигит 4-кабаттан кулап түштү

​32 жаштагы жигит 4-кабаттан кулап түштү
21-Июнь 2019, Жума, 12:51

Ош шаарында 4-кабаттан 32 жаштагы жигит кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Берген маалыматка таянсак, 20-июнь күнү саат 23:28де Курманжан-датка көчөсүндөгү 276 дарегинде жайгашкан үйдүн тургуну А.А аттуу 32 жаштагы жигит секирип кетип, «Мой доктор» ооруканасынын чатырына кулап түшкөн.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган жигитке алгачкы медициналдык жардам көрсөтүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!