Бишкекте таштанды таштагандарга 606,5 миң сом айып салынды

Бишкекте таштанды таштагандарга 606,5 миң сом айып салынды
21-Июнь 2019, Жума, 14:05

Бишкектиктерге уруксат берилбеген жерге таштанды таштагандары үчүн 606,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Санитардык-экологиялык инспекция Бузуулар тууралуу кодекс боюнча иштөөнү улантууда. 15-майдан 18-июнга чейин бузуулар боюнча жалпы 814,5 миң сомдук 87 протокол түзүлгөн. 72 протокол боюнча жазага киргизүү тууралуу токтом чыгып, 606,5 миң сом айып салынды.

Бузууларга көрктөндүрүлгөн аймактарга таштанды таштоо, таштандыларды өрттөө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!