Суусамырда Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленет

Суусамырда Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленет
22-Июнь 2019, Ишемби, 11:53

Суусамыр өрөөнүндө 29-июнь жана 30-июнь күндөрү даңазалуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымдады.

Бул иш-чарага Улуттук филармониянын, Чүй облустук театрынын жана Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери катышат. Салтанатуу маараке эки күнгө созулат.

"29-июнь күнү Кожомкул айылындагы ат майданда көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй оюндары өтөт. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи эртеси болот",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кожомкул Каба уулу (1888-1955-жылдар) кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!