Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 11:37

Баткен обласынын Кадамжай районунун каналынан түшүп кеткен кыздын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 45 куткаруучу тартылган. Жыйынтыгында куткаруучулар каналдын суусун тосуп, кыздын жансыз денесин ал агып кеткен жерден 10 чакырымга жакын алыстан табышты.

Эскерте кетсек, 22-июнь күнү Кайтпас айылындагы Сох-Шаймаридан каналына 2007-жылы туулган Т.А. аттуу кыз түшүп жатып агып кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!