​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду

​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 13:35

Ош областынын Кара-Суу районундагы Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бул окуя 22-июнь күнү саат 22:00дө болгон. Ош-Папан-Кожокелен трассасынын Кожокелен унаа жолунун 30-чакырымында Ак-Буура дарыясына “Жигули” унаасы түшүп кеткен. Унаада 1976-жылы туулган С. М., 1978-жылы туулган А. С. жана 2009-жылы туулган Ж. Ш аттуу бала болгон.

23-июнда куткаруучулар унааны алып чыгышып, каза тапкандардын сөөгү жакындарына берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!