Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү

Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү
24-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 15:21

Кыйноого каршы улуттук борборго арыздангандардын саны көбөйдү. Мындай маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“2018-жылы биздин дарекке 238 арыз келип түштү. Анын ичинен 123 арыз түздөн-түз кыйноо фактысы болсо, 53ү адамкерчиликсиз катаал мамилеге даттангандар. Жылдагыдай эле арыздын 90 пайызга жакыны Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине карата түшкөн. Биздин кайрылуу боюнча 8 кылмыш иши козголду”.

Нурдин Сулайманов кыйноо фактылары азайды дегенге кошула бербестигин айтат. Анткени, ушул жылдын беш айында эле Кыйноого каршы улуттук борборго 238 арыз келип түшкөн.

Кыргызстан 2012-жылы “Кыйноого жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө жол бербөө боюнча Улуттук борбор жөнүндө” мыйзамы кабыл алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!