​Жубайы менен сууга аккан адамды издөө эки күнгө токтотулду

​Жубайы менен сууга аккан адамды издөө эки күнгө токтотулду
25-Июнь 2019, Шейшемби, 11:59

Түштүк Фергана каналына агып кеткен жаш жубайлардын биринин денесин издөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Себеби каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп кеткен. ӨКМдин маалыматына караганда, суунун денгээли 2 күндөн кийин азайтылат жана издөө иштери улантылат.

Эскерте кетсек, 20-июнь күнү Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылында каналга эки жаш жубайлар агып кеткен. А.Г. аттуу 1997-жылы туулган кыздын денеси 22-июнь күнү Өзбекстандын аймагынан табылган. Издөө иштерин Өзбекстандын куткаруучулары жүргүзгөн. Ал эми Х.Х. аттуу 33 жаштагы жолдошун издөө иштери 2 күнгө убактылуу токтотулду.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!