​Арыстагы жарылуунун кесепеттерин жоюу уланууда

​Арыстагы жарылуунун кесепеттерин жоюу уланууда
25-Июнь 2019, Шейшемби, 13:46

Казакстандын Арыс шаарында 24-июнь күнү №44856 аскер бөлүгүндө болгон жарылуунун кесепетерин жоюу уланууда. Арыстагы жарылуунун кесепетинен 2 адам каза таап,165 адам жабыркады. Бүгүн 25-июнь күнү аскер бөлүгүнөн тышкаркы баардык жерде өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Түркестан областынын акиминин кеңешчиси Сакен Калкаманов Facebook баракчасына билдирди.

Андан тышкары элдерди эвакуациялап жатканда 200дөн ашык бала жоголду. Жоголгон 212 баланын ичинен 177си ата-энесин тапты. Калган балдарды издөө улантылууда.

Жалпысынан кырсыкты жоюуга 400дөй аскер тартылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!