​Бишкек жолунда белгисиз адамдар камераны атып кетти

​Бишкек жолунда белгисиз адамдар камераны атып кетти
25-Июнь 2019, Шейшемби, 16:12

Бишкек-Торугарт жолунда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында коюлган камераны белгисиз адамдар атып кетти. Бул тууралуу бүгүн Чүй обласынын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык камераны мыйзамсыз курал менен аткан. Бул кылмыш иши Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестирине катталган. Эксперт жүргүзүү иштери дайындалып, жергиликтүү тургундар суракка алынды.

Чүй областык ШИИБ бул иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!