​Чункурчак капчыгайында окуучулардын республикалык слёту өтөт

​Чункурчак капчыгайында окуучулардын республикалык слёту өтөт
25-Июнь 2019, Шейшемби, 17:23

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык спорттук-туристтик жана край таануу слёту өтөт. Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министрилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык 8-9-класстын окуучулары слётко катышат. Иш-чара Чункурчак капчыгайында өтөт.

Бул иш-чара айыл-аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата, туристтик- край таануу кыймылынын 60-жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 74-жылдыгына карата өткөрүлөт.

Республикалык спорттук-туристтик жана край таануу слёту төрт күн созулуп,иш-чаранын жабылыш аземинде жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга белектер тапшырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!