​Нарында «Кыргыз шырдагы» аттуу эл аралык фестиваль өтөт

​Нарында «Кыргыз шырдагы» аттуу эл аралык фестиваль өтөт
27-Июнь 2019, Бейшемби, 12:44

Нарын шаарында 28-29-июнь күндөрү «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Нарын областындагы өкмөттүн өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында «Мурас шырдак»,«Мыкты шырдак» сынактары уюштурулат. Эң мыкты эмгектер үчүн 300 миң сомдук байге фонду каралган.

Аталган фестиваль жыл сайын уюштурулуп, кыргыз шырдагын даңазалоо жана жүндөн жасалган буюмдарды жайылтуу максатында өткөрүлүп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!