Мааракеде коомдук тартипти 700 милиционер көзөмөлдөйт

Мааракеде коомдук тартипти  700 милиционер көзөмөлдөйт
29-Июнь 2019, Ишемби, 11:01

Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгына карата өтүүчү иш-чарада коомдук тартипти 700 милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Чүй обласынын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Бул иш-чара 29-30-июнь күнүдөрү Чүй обласынын Суусамыр өрөөнүндө өтөт.

Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Каба уулу Кожомкул Суусамыр өрөөнүнө чоң салым кошкон.

Эскерте кетсек, Каба уулу Кожомкул кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан (1888-1955-жылдар), Чүй облусунунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кең-Суу кыштоосунда туулган. 47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!