​Кыргызстандын ажылары Меккеге 16-июлда учат

​Кыргызстандын ажылары Меккеге 16-июлда учат
1-Июль 2019, Дүйшөмбү, 11:38

Бишкек шаардык борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда 2019-жылы ажыларды коштоп баруучу ажы башчылардын жыйыны болду. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 109 ажы башчы катышты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Бул жыйында ажы башчыларынын милдеттери, Арафат тоосунда жана Муздалифа өрөөнүндө аткарыла турган амалдар тууралуу баяндамалар айтылды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлүп берген. Ушул жылдын 16-июлунан баштап ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына сапар алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!