Ошто жоокер өз жанын кыйды

Ошто жоокер өз жанын кыйды
1-Июль 2019, Дүйшөмбү, 15:45

Бүгүн Ош обласынын Гүлчө айылындагы аскер бөлүгүндө ефрейтор өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Генералдык штабдын маалыматына ылайык, жоокер былтыр май айынан бери уурулук боюнча айыпталып жаткан. Бүгүн аскердин сөөгүн туугандарынын үйүнөн табышкан.

Аскер прокуратурасынын Ош гарнизону менен Алай райондук ички иштер башкармалыгынын милициясы тергөө иштерин жүргүзүүдө.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР