"Asia Mall" соода борборунун 4-кабатынан өрт чыкты

1-Июль 2019, Дүйшөмбү, 16:22

Бүгүн "Asia Mall" соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

ӨКМдин берген маалыматына ылайык, соода борбордун төртүнчү кабатында жайгашкан кафелердин бириндеги аба сордургучтан өрт чыккан. Кырсык тууралуу билдирүү саат 13:00дө түшкөн.

Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, жабыркагандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР