​Токмоктогу кафеден ууланган 73 адам ооруканага жаткырылды

​Токмоктогу кафеден ууланган 73 адам ооруканага жаткырылды
2-Июль 2019, Шейшемби, 13:04

Токмок шаарынын «Мегаполис» кафесинен массалык ууланган 82 адам ооруканага кайрылып, 73 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Уулануудан жабыркагандар ар кайсы областын ооруканаларына кайрылышкан.

Токмоктогу жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-ашка ууланган деген божомол менен 26 адам, андан тышкары Нарын ооруканасына 9 адам, Ысык-Ата ооруканасына 5 адам, Москва райондук ооруканасына 2 адам, Бишкектеги ооруканага 17 адам, Чүй областык ооруканасына 49 жабырлануучу кайрылган.

Акыркы алган маалыматтар боюнча жабырлануучулардын саны 93 адамга жеткен.

Учурда бул иш боюнча тактоо, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, «Мегаполис» кафесинде 29 июнь күнү 256 адам катышкан үйлөнүү үлпөт тою болуп өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР