Бишкекте айнек таштандылары үчүн урналар коюлду

Бишкекте айнек таштандылары үчүн урналар коюлду
3-Июль 2019, Шаршемби, 09:57

Бишкек мэриясы кагаз, айнек жана пластик таштандылары үчүн атайын урналарды орното баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мунун идеясы жана эскизи Биринчи Май райондук акимиатына таандык. Ал эми урналар "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан жасалган.

Алгач 10 урна даярдалып, анын алтоосу Курманжан датка эстелиги турган аймакка орнотулду. Калган урналар Уркуя Салиева скверине жана Чүй менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жаңы аянтчага орнотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР