​Финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду

​Финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду
3-Июль 2019, Шаршемби, 10:42

Кыргызстандын Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жумуштан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Анын ордуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскерте кетсек, Мирлан Байгончоков бул кызматта 2010-жылдан бери иштеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР