Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин сөөгү табылды

Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин сөөгү табылды
5-Июль 2019, Жума, 10:51

Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Небересинин сөөгү 4-июль күнү саат 19.30дар чамасында табылган. Учурда анын жубайы менен уулунун сөөгү изделүүдө.

Эскерте кетсек, 30-июнь күнү Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү бараткан унаа дарыяга түшүп кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР