​Бишкекте “Балдар кербен оюну” өткөрүлөт

​Бишкекте “Балдар кербен оюну” өткөрүлөт
6-Июль 2019, Ишемби, 12:53

Бишкекте Дайыр Асанов атындагы жеңиш паркында 6-июль күнү “Балдар кербен оюну” өтөт. Бул тууралуу (ЮНИСЕФ) Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чаранынын жүрүшүндө ата-эне балдары менен биргеликте «Аркан тартыш»,«Шамдагай алакан»,«Ашкабак чапмай», «Жаа атмай» жана башка кыргыз улуттук оюндары менен ойной алышат.

“Балдар кербен оюну” 6-июнь күнү саякатын баштап, Ак-Талаа, Ала-Бука, Сары-Челек, Алайку, Сузак, Бакай Ата райондорунун айыл жерлерин кыдырышкан. Жалпы 7 аймакты кыдырып 8 миңге жакын балдарга оюн тартуулашкан.

Иш-чара 6-июль күнү саат 17:30да Бишкек шаарында уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР