​Самаркандда өтчү фестивалга Кыргызстандын ырчылары катышат

​Самаркандда өтчү фестивалга Кыргызстандын ырчылары катышат
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 11:50

Самарканд шаарында 26-30-август күндөрү XII Эл аралык «Шарк тароналари» аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Өзүбекстандын элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Армения, Афганистан, Индия, Индонезия, Иран, Ирак, Испания, Италия, Казакстан, Монголия, Пакистан, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Эфиопия өлкөлөрүнүн ырчылары жана топтору катышаары күтүлүүдө.

Бул фестивалга 80 өлкөдөн 400дөй коноктордун келет.

Эскерте кетсек, «Шарк тароналари» аттуу Эл аралык фестиваль биринчи жолу 1997-жылы уюштурулган. Самарканд шаарындагы эң чоң масштабта өтүүчү фестиваль болуп саналат. Бул фестиваль эки жылда бир өткөрүлүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР