​9-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

​9-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 15:42

9-июль күнү Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Таласта, Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 31…33° болот.

Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 24…26° болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР