​Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

​Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт
8-Июль 2019, Дүйшөмбү, 16:05

9-июлдан 12-июлга чейин Бишкектин айрым аймактарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаратылыш газы жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) басма сөз кызматы маалымдады.

Жаратылыш газы убактылуу өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:

- 9-12-июль күндөрү Күрөңкеев, Малышев, Беломор көчөсүндө;

- Биринчи май районундагы Чоң Чүй каналынын аймагында, Биримдик, Саадаев, Салам Алик, Щербаков көчөлөрүндө, Көлмө конушундагы көчөлөрүндө;

- 9-10-июлда Маевка айылында (Жаш Гвардия көчөсүндө);

- 10-12-июлда Жибек Жолу, Алмата көчөлөрүндө, Чоң Чүй каналы тарапта, Сүйүбаев, Авангард көчөлөрүндө;

- 10-12-июлда 7-кичи райондогу №28 үйдө;

- 10-11-июлда Лебединовка айылындагы Горький, Жеңиш, Октябрь көчөлөрүндө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР