11 жаштагы баланы унаа сүзүп кетип каза тапты

11 жаштагы баланы унаа сүзүп кетип каза тапты
9-Июль 2019, Шейшемби, 14:58

Чүй обласынын Новониколаевка айылында окуучу баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу областык жол көзөмөлдөө кыймылынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Новониколаевка айылында Honda Fit үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан 22-жаштагы жигит 11-жаштагы окуучуну сүзүп кетти.

Айдоочу баланы ооруканага өзү жеткирип, бирок бала каттуу алган жаракаттынан улам көз жумду.

Алдын ала маалыматтарга караганда бала жолго чуркап чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!