​Окуучу каза тапкан мектептин директору ишинен бошотулду

​Окуучу каза тапкан мектептин директору ишинен бошотулду
10-Июль 2019, Шаршемби, 10:09

Жайыл районундагы Новониколаевка мектебинин жетекчиси 11 жаштагы баланы автоунаа коюп кеткен окуядан кийин ишинен бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Министрликтен Новониколаевка мектебинин жетекчисин иштен алуу чечимин Жайыл райондук билим берүү бөлүмү чыгаргандыгын маалымдашты.

"Мектептин жетекчиси окуу планды бузган. Андыктан, окуучулардын эмгек практикасы каралган эмес, ал эми жетекчи окуучуларды кээ бир иштерге тартууга буйрук берген. 5-класстын окуучусу мектепке эмгек практикасына бара жатып каза болду",- деп кабарлашты министрликтен.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-июль күнү Новониколаевка айылында 22 жаштагы айдоочу Honda Fit автоунаасы менен келе жатып, 11 жаштагы окуучуну сүзүп кеткен. Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, бала жолго чуркап чыга калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!