Бишкекте "Коомдук транспорт" деп аталган рейд жүрүүдө

Бишкекте
11-Июль 2019, Бейшемби, 12:21

Бишкекте милиция кызматкерлери "Коомдук транспорт" деп аталган рейдде маршрутка жана таксилерди текшерип жатат. Бул тууралуу борбор калаанын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, маршрутка жана таксилерди текшерүү рейди 8-июлдан 31-июлга чейин жүргүзүлөт.

Аталган иш-чаранын максаты - маршрутка, автобус жана жүргүнчү ташуу менен алектенген такси фирмаларынын мыйзам бузууларын жоюу. Андан тышкары транспорттордун техникалык абалына көзөмөл жүргүзүү.

Эгер мыйзам бузуулар табылса, административдик протокол түзүлөрү эскертилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!