Сентябрга чейин кыймылсыз мүлк салыгын төлөө зарыл

Сентябрга чейин кыймылсыз мүлк салыгын төлөө зарыл
11-Июль 2019, Бейшемби, 15:24

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертет. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

1-сентябрга чейин транспортко, 2-сентябрга чейин - турак жайга, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жер салыгын төлөө зарыл.

Мекеме салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынаарын да белгилейт.

“Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлктүн менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар - 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!