Бишкекте 2 миллиондон ашык гүл олтургузулду

Бишкекте 2 миллиондон ашык гүл олтургузулду
12-Июль 2019, Жума, 14:14

Бишкекке 2 миллион 167 миң 369 даана гүл олтургузулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Клумбаларга сальвия, алиссум, арыстандын азуусу, тагетес, колеус, седум жана башка ушул сыяктуу 10дон ашуун түрдөгү гүлдөр отургузулду.

Жаңы клумбалардын эскиздери «Бишкек жашыл чарбанын» муниципалдк ишканасынын агрономдору жана дизайнери тарабынан түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!