Чолпон-Атада "Asia Session-2019" эл аралык фестивалы өтөт

Чолпон-Атада
12-Июль 2019, Жума, 15:20

Чолпон-Ата шаарында дүйнө жылдыздарынын катышуусунда "Asia Session-2019" аттуу эл аралык музыкалык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-3-август күндөрү ипподромдо өтчү концертке Havana, Say Мо, Сэм Космо, Меркури Кашалот, Mohombi, Мирбек Атабеков, DJ Софа, "Иванушки International" тобу жана башка дүйнөлүк жылдыздары катышат.

Мындан тышкары туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарманке уюштурулуп, цирк искусствосунун өкүлдөрү өнөрлөрүн көрсөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!