Абдыкерим агай, 60 жашыңыз кут болсун!

12-Май 2017, Жума

Эгемен өлкөбүздө “ZAMAN Кыргызстан”деген ат менен чыккан алгачкы эркин гезиттин тарыхында ысымы алтын тамгалар менен жазылчу, жамаатыбыздын Бакайы болгон Абдыкерим Муратов 60 жаш куракка келип олтурат. Агай журналисттик кесипти аркалоодон сырткары адабият айдыңы менен калың элдин катмарына жазуучу, публицист, котормочу, илимдин доктору, профессор, адабиятчы катары белгилүү.

Эгемен өлкөбүздө “ZAMAN Кыргызстан”деген ат менен чыккан алгачкы эркин гезиттин тырмак алды номеринен баштап соңку номерине чейинки (1992-2016-ж.ж) ар бир ирмемин, басылманын ар бир санын Абдыкерим агайсыз элестетүү кыйын. Гезиттин аздыр-көптүр баскан жолу, аткарган тарыхый вазийпасы агайдын нар көтөргүс эмгеги менен тыгыз байланыштуу. Агайдын калемине таандык бир бүркүм кабардан тартып калдайган чоң макалага чейинки ар бир жазылган материал гезиттин бетинде эскирбей турат. Жамаатыбыздын “жүрөгү” болгон агайдан ар бирибиз таалим-тарбия алып, агайга карап түздөнүп өстүк. Агай менен кесиптеш болуп, бир жамаатта иштөө шыбагасы буюрган жылдарды сыймыктануу менен эскеребиз. Агайдын педагогика, адабият жаатындагы үлкөн эмгектерин айтпаганда да журналисттик ишмердүүлүгүндө коомчулукту селт эттирип, терең ойго салган салмактуу макалалары менен басылмабыздын баркын көтөрдү. Журналистиканын коомду агартуу вазийпасын аткарууда өз милдетин татыктуу аркалады. Аны менен бирге кесиптештерине адамгерчиликтин, акылгөйлүктүн, сылык-сыпайылыктын бийик үлгүсүн көрсөттү.

“ZAMAN Кыргызстан” гезитинде алгач бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, башкы редактордун кеңешчиси болуп редакцияда “жамаат – бир үй-бүлө” деген түшүнүктүн калыптанышына, бул жөрөлгөнүн азыр да уланып жатышына агайдын салымы чоң. Анткени, ар бирибиз агайдын колдоосун сезип, ар убак сураган жардамыбыз жоопсуз калбады. Башкы редактор агай менен кеңешип, гезиттин келерки номеринин иш багытын аныктаса, жаш журналисттер жазгандарын окутуп, жооптуу катчы жоопкерчилиги менен бөлүшсө, корректор кайсы сөздүн кандай жазылышын агайдан сурады. Айтор, Абдыкерим агай кесиптештеринин кеменгери, жамааттын “жүрөгү” болду.

Сиздин жаш бөбөктөр үчүн, мугалимдер үчүн, дегеле жалпы элибиз үчүн тартуулай турган табылгаларыңыз алдыда. Аны менен бирге Сиздин эмгекти баалап-барктап алчу, кийинки муундаргы таберик кылып өткөрүп берчү учур да алдыда. Анткени, балдар бакчасындагы бөбөктөн тартып, окуучу, студент, мугалим, акын, жазуучу, адабиятчы, журналист, айтор коомдун бардык катмарынын өкүлү, кичи жана улуу муун Сиз жараткан шедеврлердин таасири алдында тарбия алды, өсүп жетилди.

Агай, Сизге узак өмүр, бекем ден соолук каалайбыз. Акыл кенемтеңиз ашып-ташып, зоболоңуз зор болсун. Кыргыз элинин каруусуна казык, акылына азык болуңуз. Узак жашаңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!