22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды

22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
19-Июль 2019, Жума, 14:14

Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну өзүнүн ымыркайын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүгүү жана эмгек башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районуну тургуну бир айга толо элек кызын 30 миң долларга сатууну чечкен. Бул окуя 15-июль күнү болгон. Ымыркай кыздын ата-энеси жарандык никеде жашап 25-июнда кыздуу болушкан. Ал эми сатып алуучулар тууралуу маалымат жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!