Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты

Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты
9-Авг. 2019, Жума, 09:42

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты. Бул тууралуу Кыргызстан дин башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.

Учурда ажылардын алгачкы тобу Мина өрөөнүнө келишип, Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген чатырларга жайгашууда. Ажыларды Мина өрөөнүнө көчүрүү иши Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан кечки саат 20:00до башталып, тосуп алуу жана жайгаштыруу иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, кыргызстандык ажылар эртең, 10-августта багымдат намазынан кийин Арафат өрөөнүнө көчүшүп, андан соң кечинде Муздалифа өрөөнүнө сапар алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!