Кыргызстандыктар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү

Кыргызстандыктар ажылык амалдарын аткарып бүтүштү
15-Авг. 2019, Бейшемби, 10:13

Кыргызстандык ажылар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарып бүтүштү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ажылар Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына келишкен. Зыяратчылар 17-августтан 1-сентябрга чейин Жидда - Бишкек, Жидда - Ош жана Медина - Ош багыттары боюнча өлкөгө кайтышат.

Ажылык сапар учурунда зыяратчыларга түзүлгөн шарттар маалыматта тизмектелген:

-Ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулду. Алар өз иштерин 25-августка чейин улантат;

-Эки маал ысык тамак каралып, ажылыкты туура аткаруу боюнча атайын сабактар өтүлдү;

- Ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен Сауд Арабиянын Ажылык министрлигинин өкүлдөрү тарабынан коопсуздук эрежелери боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;

-Ажы башчыларга кызмат көрсөтүү, коопсуздук жаатында окутууларды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү;

- Арафат өрөөнүндөгү чатырлар жаңыланып, заманбап аба үйлөгүчтөр коюлду;

- Муздалифа өрөөнүндө ажылар үчүн атайын килемдер төшөлдү;

- Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылардан кабар алып, аларга баяндама жасады;

- КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген 16 дарыгер 24 саат иш алып барды;

- Мекке шаарында кыргызстандык ажылардын ден соолугун көзөмөлдөп туруу үчүн атайын үч медициналык пункт иш алып барып, эки тез жардам унаасы иштеди.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
Алмазбек Атамбаев камакта калды
Алмазбек Атамбаев камакта калды