Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)

Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
16-Авг. 2019, Жума, 17:57

Бүгүн,16-августта Ош шаарынын борбордук аянтында автоунаасы менен жол кыймылынын тартибин бузган айдоочуга 7500 сом айып пул салынды.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

« Эки жаштын тоюн видеодо көркүнө чыгарам деп, адам өмүрүнө коркунуч жаратпайлы!» - деди мэрия.


21-июнда, Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтында өткөн дрифт боюнча чемпионатта Toyota Mark I I үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, көрүүчүлөрдү көздөй аралап кирип кеткен.


Бул окуядан кийин мэрия дрифт сыяктуу турнирлерге тыюу салуу пландалып жатканын маалымдаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!