Балдардын шоктугунан үй менен жеңил унаа өрттөндү

Балдардын шоктугунан үй менен жеңил унаа өрттөндү
23-Авг. 2019, Жума, 10:43

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында үй менен жеңил унаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үйдүн 156 чарчы метр чатыры, «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү жеңил унаа жана миң түк чөп өрттөндү. Кырсык балдардын от менен ойногон шоктугунан келип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!