Москва көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады

Москва көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады
29-Авг. 2019, Бейшемби, 13:35

Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куруучулар жолдун үстүнкү катмарына асфальт төшөө иштерин аяктап, эртең 30-август күнү жол ачылат.

Эскерте кетсек, көчөнү оңдоо иштери Кытайдын «Бишкек шаарынын жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында гранттык каражаттардын эсебинен жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!