Бишкектин бир катар аймагында свет өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймагында свет өчүрүлөт
3-Сен. 2019, Шейшемби, 10:02

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Бишкектин бир катар аймагында оңдоо иштерине байланыштуу свет өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Жарык берүү төмөнкү аймактарда жок болот:

08:00-18:00 - Чоң Чүй каналынын Лермонтовдон Осмонкулга чейинки бөлүгү;

09:00-17:00 - 12-кичи райондогу №45 үй, Шота Руставели көчөсүндөгү №60 үй;

09:30-17:00 - Мост жана Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймак;

09:00-19:00 - Алтын-Ордо конушу, Улан кичи районундагы №1, 7 үйлөр;

09:30-18:00 - Байтик баатыр (№125 үй), Москва (№69, 86 үйлөр), Үсөнбаев (№45, 47 үйлөр), Чокморов (№81, 83 үйлөр) көчөлөрү менен чектешкен аймак, Мостовая көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишкен жери;

09:00-19:30 - Көк-Жар (Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен жери), Бакай-Ата (Бакай-Ата, Чыйырды көчөлөрү) конуштары;

10:00-18:00 - Кара-Жыгач жана Ак-Тилек конуштары, Кырк-Чоро көчөсү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!