Бишкектин айрым райондорунда 3 күн газ жок болот

Бишкектин айрым райондорунда 3 күн газ жок болот
3-Сен. 2019, Шейшемби, 11:34

Бишкектин айрым райондорунда оңдоо иштерине байланыштуу 3 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт . Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Жаратылыш газы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

3-4-сентябрда Очаковская, Кайназарова, Власов көчөлөрү менен чектеш аймакта; «Достук» кичи району (Буурдинская, Сад, Месарош, Профсоюзная, Темиров).

3-4-сентябрда Маевка айылында газ берилбейт (Виноградная, Набережная, Новая).

3-5-сентябрда Юнусалиев, Жантөшев, Белорус көчөлөрү менен чектеш аймактарда; Кирпич, Древесная, Жданов, Двинский бурулушунда;

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!