Акыйкат издегендер Ак үйдүн алдына ак кепин оронуп чыгышты (сүрөт)

Акыйкат издегендер  Ак үйдүн алдына ак кепин оронуп чыгышты (сүрөт)
3-Сен. 2019, Шейшемби, 15:28

Бүгүн, 3-сентябрда соттордон жана укук коргоо органдарынан жабыркап жатабыз деген жарандар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алардын көпчүлүгү насыя алуу үчүн үй мүлкүн күрөөгө коюп, бирок банкка алдырып жибергендер.

Бүгүнкү нааразычылык акцияга чыккандардын бири Света Жумадылова 2007-жылы азыркы “Оптима” банкынан Бишкек шаарынын Муса Жалил көчөсүндөгү №142 үйдү ипотекага алган экен. Бирок Жумадилованын банкка деп төлөгөн акча каражаттары аталган банктын кызматкерлери тарабынан алдамчылык жолу менен башка адамдын наамына төгүлө берген. “Биз тирүүлөй өлүккө айланып калдык”, -деди ал.

(Сүрөттө Света Жуманазарова)

Соттон адилеттик таппайбыз, карапайым жарандардын үнү эч жерге угулбайт. Өз үйлөрүбүздү тартып алып жатат. Алдоо жолу менен ипотекага берип коюп, депозиттен жок, же төлөп аткан акчабыздан жок. Биз бирөөлөрдү келсин же кетсин деген жокпуз. Акча төлөгөнгө график түзүп берсин, ашыкча төлөнгөн күнүмдүк туумдарды гана тууралап эсептеп берсин”.

Дагы бир жабырланучуу Сулайман Муратов да соттон акыйкат издеп келет. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев кабыл алганын, бирок соттор президент Сооронбай Жээнбеков талап кылган соттук-реформаны тоготпой жатканын айтты.

“Мен жайдыр-кыштыр өзүмдүн жеке үйүм эмес, Кыргызстанга мыйзамсыздык болуп жатканын көрүп ушул жерге чыктым. Мамлекеттик каттоо кызматынын, мамлекеттик нотариустун өкүлдөрүнө жана башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Бирок Москва райондук сотунда бир жылдан бери аягына чыкпай жатат”.

Акциянын катышуучулары бийлик органдарына коюлган талаптар аткарылбаса, кезексиз митингге чыга тургандыгын маалымдашты.

Ошондой эле соттон жана укук коргоо органдарына адилет таппаган жарандарды коргоп келе жаткан “Мээржазы” коомдук уюмунун төрайымы А. Бекмуратова, Кыргызстандагы көйгөйлүү насыя алуучулардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Назаркулова жабыркаган 2100 адамдын атынан президенттен баштап фракция лидерлерине чейин кат жүзүндө кайрылышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!