Өлкө аймагында 11-сентябрга чейин жаан жаайт

Өлкө аймагында 11-сентябрга чейин жаан жаайт
3-Сен. 2019, Шейшемби, 16:37

Кыргызстанда 11-сентябрга чейин жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка караганада, 4-6-сентябрь күндөрү аймактарда жаан жаайт. 7-8-сентябрда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Ал эми 9-10-сентябрда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жашы күтүлөт. Абанын температурасы +18...+23 градусту түзөт. Ал эми 11-сентябрдан кийин абанын температурасы +30 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!