Күндүз өлкө аймагында жаан жаайт, аба ырайы тууралуу маалымат

Күндүз өлкө аймагында жаан жаайт, аба ырайы тууралуу маалымат
4-Сен. 2019, Шаршемби, 10:26

Бүгүн, 4-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +24…+26 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!