Алты жаштагы кыздын өмүрүн алган кырсык

Алты жаштагы кыздын өмүрүн алган кырсык
5-Сен. 2019, Бейшемби, 11:42

Бишкектеги Ак-Босого конушунда жол кырсыгынан 6 жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 4-сентябрь күнү болгон. Анда «Мерседес-Бенц 230» үлгүсүндөгү унаа 41 жаштагы аял жана анын 2 кызын сүзүп, качып кеткен. С.Г. аттуу 41 жаштагы аял жана анын 3 жаштагы кызы ооруканага жекирилип, 6 жаштагы кызы ошол жерде каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери сүзгөн унааны таап, андан кийин 18 жаштагы айдоочу колго түшкөн. Учурда төргөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!