Таласта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө каталды

Таласта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө каталды
6-Сен. 2019, Жума, 10:39

Талас облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ саат 20:45те Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!