Динара Жармаматова: ашканадан эргүү да алам, акча да табам

18-Май 2017, Бейшемби

Динара журналист-филологдук кесибин кичине кезинен бери кыялданып келген кулинар болуу хоббисине алмаштырган. Ал салттуу тамактарды жасоодон сырткары, өз идеясы менен ойлоп тапкан рецептерди жайылтууга жан үрөп келе жатат. Учурда анын рецебинде өзүнүн фантазиясы менен ишке ашырган элүүдөн ашуун тамак, таттуунун түрү бар. Биз Динара айымдын ашканасына баш багып, ашкана сырларына күбө болдук.

Каарманыбыз учурда жасаган азыктарын социалдык тармактар аркылуу жарнамалап, буюртма алат. Мындан сырткары кардарлары дагы башка кардарга сунуштаган учурлар арбын. Мындан Учурда “Карагат кекс” деген аталыштагы чакан ашканасында кулинарияга кызыккан кыз-келиндерге мастер-класс өтүп турат.

“Тамак-аштардын түрүн жасоону кичинекей кезимен бери сүйчүмүн. Кандай гана тамак болбосун аны даамдуу жасоо менен бирге кооздугун арттырууну жакшы көрөм. Бул хоббим бара-бара топтолгон тажрыйбанын негизинде сүйүктүү жумушума айланды”,-деди ал.

Динара тамак-аш, таттуулардын салттуу рецептеринен сырткары өзү ойлоп тапкан даамдарды жасайт. Ал башка бирөөнүн рецебин кайталабашын жана азыркы учурда интернетте кеңири жайылып жаткан тамак-аштардын пайдаланбай турганын айтат.

“Азыркы учурда толгон-токой рецепттер бар. Бирок алар ар кандай болуп калышы мүмкүн. Балким туура берет, же туура эмес берет. Мен көбүнчө өз идеям, фантазиям менен ойлоп тапкым келет”,-дейт.

Ал азыктардын бири-бирине айкалышын же болбосо жөнөкөй эле айырмалап алган.

“Күн бою бир иш менен алектене берсең, ошол иштин адиси болуп калгандай эле, эртеден кечке тамак-аш жасап кайсы азык кайсы азыктар менен шайкеш келет, же тескерисинче бирин экинчисине кошсо болбостугун билип калам”,-дейт.

Динара тамак-аш жасап киреше табуу менен бирге кулинарияга кызыккан кыздарга мастер өтүп, ар бир ойлоп тапкан тамак-аштын түрүн практика жүзүндө жасап берет. Ал жерде негизинен торттордун заманбап түрлөрүн, таттуу даамдарды, азыркы заманга шайкеш пицца, кабат самсы жасаганды үйрөтөт.

“Ар бир эле аялзаты ашканага шыктуу болушу керек. Мастер-класска болочокто жубай болуучу кыздар, жаш энелер келип турат. Кайсы тамак-аштын түрүн үйрөнгүсү келсе, акысы да ошого жараша болот. Бир жолку окутуу 500 сомдон 2000 сомго чейин. Бир окууда төрт нерсени үйрөнүп чыгышат”,-деди.

Динара буюртмаларды азырынча социалдык тармак аркылуу алат. Келечекте өзүнүн фирмалык дүкөнүн ачуу максаты бар.


Каарманыбыз кытай тилдүү журналистиканы аяктаган. Кесиби боюнча окуу борборлорунда, телевидение, радиодо иштеген. Экинчи кесиби кытай тилдүү филолог. И.Арабаев атындагы университетте мугалим болуп эмгектенген. Бирок келечекте өз кесиби боюнча иштөөнү максат кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!