“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды

“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
21-Сен. 2019, Ишемби, 10:38

“ТС Групп” курулуш компаниясынын башкы директору Алмаз Тиленов кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште алтын байгени багындырып, дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбековага бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Ал социалдык тармактагы баракчасына анын жеңиши менен куттуктап:

“Үй-бүлөмдүн атынан жана биздин курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып аткан "Сулайман Тоо" аттуу турак жайынан 1 бөлмөлүү батир белекке берели деп чечтик. Дайым Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз! Биздин куттуктообузду жана белегибизди кабыл алып коюңуз. Сиз Курманжан Датка,ТаттыбүбүТурсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эң мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс из калтырдыңыз!” – деп жазды ал.

20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Тыныбекова – Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун багындырган алгачкы спортчусу болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот