Андрей Малахов кыргыздар тууралуу айткан сөздөрүнө өкүндү

Андрей Малахов кыргыздар тууралуу айткан сөздөрүнө өкүндү
27-Сен. 2019, Жума, 17:30

Орусиялык теле алып баруучу Андрей Малахов олигархтын баласынын өлүмүнө арналган телеберүү боюнча кыргыздар тууралуу айткан сөздөрүнө өкүндү. Бул тууралуу газета.ru сайты жазып чыкты.

Андагы маалыматта Малахов каза болгон Александрдын мотоцикли 24 жаштагы Исламбек башкарып бараткан унаа менен кагышканын эскерткен.

“Дароо айтам, биздин программада ондон ашык улуттун өкүлү эмгектенет. Ал чыгарылышта мен журналисттин тапшырмасы катары каза болгон баланын апасын коргошум керек болчу жана алар менен бирге баласы эмне себептен каза болгонун түшүнүүгө аракет кылышым керек эле”, – деди Малахов.

Шоумен ошондой эле кылмышкердердин, укук бузгандардын улуту жана жарандыгы болбой тургандыгын баса белгилеген:

“Алгачкы ирет Татьяна Маругова окуянын күнөөкөрүнүн өзүнөн болбосо да, анын өкүлдөрүнүн өкүнүчүн биринчи укту. Андан кийин мен дагы айрым кыргыздар менин айткандарымды туура эмес түшүнүп алгандарына өкүнүп отурам”.

Малахов тынчтык үчүн эле эмес, адилет жана акыйкатык тууралуу дайыма айта берерин кошумчалады.

24-сентябрь күнү «Прямой эфир» телеберүүсүндө Москвада жол кырсыктан каза болгон олихархтын баласы Александр Маруговдун өлүмү боюнча атайын талкуу болгон. Анда Малахов: “Рулда 23 жаштагы чимкиригин тарта албаган бала болгон. Ал башка өлкөдөн келип, бир нече ай таксиде иштеген. Ага 100 миң доллар берсең, ал акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүт айылын, туугандарын бактылуу кылат. 10 долларлык айлык алган алар өмүрүнүн аягына чейин мынча акча таба алышпайт”,деп айткан.

Кырсык боюнча: Александр Маругов мотоцикли менен катуу ылдамдыкта келе жатып таксист болуп иштеген Исламбек Акбаровдун унаасы менен кагышып, Орусиянын жараны көз жумган. Акбаров кырсыкка күнөөлөнүп, эки айга камакка алынган.

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырды. Андагы жолугушууда Малаховдун «Россия-1» каналындагы айткан сөздөрү боюнча жагдай талкууланган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды