29-сентябрь күнү өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +26…+28 градус болот.