Назира Айтбекова: “Чынын айтайынчы, менин бактым күйөөдө деле эмес экен...”

Назира Айтбекова: “Чынын айтайынчы, менин бактым күйөөдө деле эмес экен...”
4-Окт. 2019, Жума, 10:49

Жан-дүйнөсү өтө назик бирок ошол эле учурда өтө күчтүү аялзатынын бири, жөнөкөйлүктү адамдагы эң баалуу асылдык катары билген теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жамгырдын жааганына карабай, атайын убактысын бөлүп жамгырлуу кечте ZAMAN.KG маалымат агенттигине кызыктуу маек куруп берди.

- Кутман кеч Назира айым! Сьемка, клип, кечелер, долбоорлор...айтор чуркап эле жүрөсүз, мунун баарына кантип үлгүрүп жатасыз?

-Үлгүрүш керек, жумушуң үстөккө-босток болуп, тогуз-толгоо бир келет деп коёт го, тамак жегенге да убакыт жок болуп, ошондой учур аябай жагат мага. Анткени күнү-түнү иштеп жүрүп анан ууф бир эс албасам, аябай чарчадым дегенде кудай оозуңа сала берет экен. Узак убакытка иштебей үйдө отуруп калдым. Ошондо ушунчалык жумушту сагынып, жумушсуз мен эч ким деле эмес экендигимди түшүндүм. Адам деген жумушсуз үйдө отурганда деградация болуп баштайт экен, иштеп чуркап жүргөндө өзүңдү бир керектүүдөй, бир нерсе менен алек болуп, ар кандай жаман ойлордон арылат экенсиң. Азыр бир бутум тиякта бир бутум биякта болсо деле кудайга шүгүр деп жатам, жакамды кармап, ырахмат ушу ырыскыңа деп.

- Эс алуу деп калдыңыз, айтсаңыз эс алуунун кайсы түрүн жактырасыз, деги эле кантип эс аласыз?

- Жаратылышты эңсеп калам кадимкидей, аябай самап калам. Анан суунун үнүн аябай жакшы көрөм. Негедир түшүмө деле суу кире берет, сууну издей берем. Балам экөөбүз шаардын четине чыгып кетебиз. Суунун жээгинде олтуруп, кыйкырып, экөөбүз ары бери басып, ойноп алып анан келебиз. Кадимкидей жаратылыш адамды сергитет, ойдон арылтат. Бирок бекер жаткан адам деле кадимкидей чарчайт экен, бекерчиликтен да чарчаган убак болот экен. Анан ойлоп калам ушул, чарчасаң жумуштан эле чарчашың керек экен, бекерчиликтен эмес деп.

- Инстаграм баракчаңызга уулуңуз тууралуу көп жазасыз, уулуңузду өзгөчө жакшы көрөсүз, кандай энемин деп ойлойсуз?

- Менин колуман кандай келсе, ошол энелигимдин баарын 100 пайыз колдонгонго аракет кылып жатам. Мындай эптеп-септебейм, дүйнөм менен берилем, болгон жүрөгүмдү, дүйнөмдү салып берем ошо балама. Анан ошол балам жакшы билим алса экен деп жаңы мектепке котордум, контрагына карабай. Мага азыр Айтбекова өлүп каласың, артыңды кылчайып эмнени кыйраттың десе, менин көзүмдүн алдына балам эле келет экен. Менин аябай кыйратканым ушул бала төрөгөнүм эле экен бул жашоодо, башка деле кыйраткан эч нерсе кылбаптырмын, элге пайда алып келген. Менин адам баласына кошкон жакшылыгым уулум болот экен. Ошон үчүн ушул уулумду ааламга кызмат өтөгөн кыйын уул кылып тарбиялоо-аял катары эне катары бул менин эң чоң озуйпам экен. Бала сүйүүнү, мээримди ата-энеден албай калса, ташбоор болуп калат экен. Коомго жакшы салымым уулум аркылуу деп аткан соң сүйүү менен мээримди аябай берип атам, анан билим берип атам. Кыскасы колумдун келишинче болгон аракетимди жумшоодомун.

- Бакыт ар кимдин көз-карашы, деңгээлине жараша ар кандай болушу мүмкүн. Ал эми сиздин оюңузча аялзатынын чыныгы бакыты эмнеде деп ойлойсуз?

- Күйөө деп такыр ойлогум келбейт негедир...(күлүп). Билбейм эми ар бир адамдын бактысы ар башка нерседе экен да. Өзүнүн баягы жан дүйнөсүнүн жетилгендигине, билимине, деңгээлине жараша бөлүнөт экен. Кимдир бирөө лексус машина алса ошол укмуш чоң жетишкендик, бакыт, килейген особнякта жашаса ошол бакыт, бирөө үчүн саякаттоо бакыт, бирөө үчүн күйөөгө тийип эле коюу бакыт, бирөө үчүн үйдө жөн эле төрөп жатыш бакыт. Ар кимдики ар кандай бакыт, меники ушу бактым өзүмө кошкон салымымда, мен дайыма окуп, бир нерсени үйрөнүп, билип, өсүп турбасам депрессияга батып кетем. Бир жаңы иштин көзүн таап турушум керек, бат-баттан изденип турушум керек. Күйөөгө деле тийип көрдүм, бала төрөп көрдүм, баарын жасап атам кыскасы (күлүп). Барчылыкты көрдүм, жокчулукту көрдүм дегендей. Менин көзүм, көкүрөгүм материалдык нерсени эңсебейт экен. Өткөндө уулум менен сүйлөшүп отурсам ал дагы айтат “–Апа, мага ашыкча дөөлөттүн кереги эмне?”- дейт, мага жеткендей эле нерсе болсо деп. Ал дагы мага окшош экен. Менимче бакыт өзүмө өзүм болгон салым, изденүү, өзүмдү өстүрүүдө. Күйөөдө деп айта албайм эй, чынын айтайынчы, менин бактым күйөөдө деле эмес экен. Күйөөгө такыр тийгим жок чынын айтсам.

- Изденүүнүн үстүндө жүргөн сиздей адам учурда кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатат, алдыда эмне максаттырыңыз, жаңылыктарыңыз бар?

- Алып баруучулукту көрдүм, актёрдук чеберчиликти көрүп жатам, азыр ушуну казып, эмне балакет болуп эмненин ичинен чыгаар экемин деп ар кандай долбоорлорго,сериалдарга тартылып жатам, анча-мынча ыр жаздырып да көрдүк, жакында бир ырым чыгат, обону сонун болду, сонун ыр, дуэт ырдап чыгам бир бала менен, жаңы жаңылыгым. Айтор чыгармачылыктын барын көрдүм, бирок такыр көкүрөгүм толбой жатат. Акыркы бир жумадан бери аябай терең ойлонуп жатам, менин келечегим кандай болот, ким болом, эмне болом деп, бир ордумда отура албай жатам, энергиям ашып ташып. Айтор дагы башка бир нерсенин үстүндө иштөөнү ойлонуп жатам. Чыгармачылык жаздын күнүндөй, бир күнү кул жебеген нерсени жейсиң, бир күнү бай жебеген нерсени жейсиң. Дайыма эле акча болуп турбайт, уулум окуш керек. Мен ишенип, таянып жөлөнүп турчу артымда эч кимим жок, туугандарымдан даэч ким жок, эркектерден эч ким жок, мен жападан жалгыз өмүр бою эле ушул, 34 жыл бою эле, өзүмдү өзүм түптөп, өзүмдүн арабамды өзүм сүйрөп келаткан аялмын. Бул нерсеге көнүп деле калдым. Мындан ары деле ушул уулумду сүйрөп кетиш үчүн мен күчтүү болушум керек.

- Адатта чоң эненин тарбиясын алгандар оокатка тың жана чыйраак келишет. Аялзаты катары үйдө кандай кожойкесиз?

- 9 жашыма чейин энемдин колунда өстүм. Энем оокатты, ишти кынаптап жасатчу. Кирлерди шалбыратып илип койсом аябай тилдейт эле. Аябай тыкырайта сыктырып, катуу силкип самын калтырбай жакшы чайкап жайганды үйрөтөт эле. Жүк жыйганда кырын чыгарып жыйдырчу. Үй шыпырганда чаңдатпай суулап шыпырууну, полду бурчтарына чейин жууганды, айтор баардык жумушту жасатчу. 9 жашыма чейин көп нерсени үйрөндүм. Бир нерсе жасап атканда азыр деле энемдин сөзү кулагыма угула берет.Бирок азыр чынында кыйраткан аял эмесмин. Балким мен үйдө оокатка тың болсом күйөөгө тийгим келмектир. Анткени бир үйдүн очогун жылуу кармаганга көзүм жетет. Азыр болсо көбүнчө эркек болуп калгандаймын. Акча табышым керек деген маселе бар. 70 пайыз эркек болгондоймун. Анткени үйгө токоч таап келбесем, үйдөгүлөр ачка калат. Үйдө эркектин ролун мен алып алгам. Азыркы учурда аял эмесмин, аялдык милдетим эч аткарыла элек.

- Жазгандарыңыз таамай жана курч. Ушул тизмектелип куюлушкан сөздөрдү каяктан аласыз да эргүү сизге кайсы убакта келет?

- Жашоого болгон жөн гана саресеп. Мен дайыма таразама салып, тыянак чыгарып турам. Көкүрөк менен сезип, көкүрөгүм менен иш кылам. Акылга салбайм, көкүрөгүмдү көбүрөөк иштетем. Жазганда дагы ошол көкүрөгүмө салып, көкүрөгүмдүн тегирменинен өткөрүп, көкүрөгүмдөгү камырды ийлеп, анан чыгарам. Эргүү болсо бир тема бышмайын чыкпайт. Эргүү жан дүйнөм кыйналып турган учурда келет, мен дайыма ыйлаган учурда келет. Мен бактылуу болгон учурда эч качан келбейт экен. Мен качан кыйналып, түйшөлүп, чарчап, ыйлагым келип кудай менен сырдашып отурган учурда анан кадимкидей төгүлүп келет. Жеке эле эргүү үчүн эмес, адам бышып жетилүүсү үчүн өйдө-төмөн шарттар абдан керек экен, мындай шарттар адамды чыйралтат экен.

- Сүйлөшүп олтуруп, өтө жөнөкөй экендигиңизге баа бердим. Учурда жөнөкөй адамды табуу кыйын. Бир эки концерт алып барып коюп,бир эки жолу телеге чыга калып керсеңдегендер жок эмес. Жөнөкөйлүгүңүздүн сыры эмнеде?

- Көп мөмөлүү дарак жерге ийилип турат. Карасаң бизге жаратылыш дагы сабак берет. Тээ бийиктиктеги учкан куш кайра эле келип жемди жерден жейт. Ырыскынын баары жерде экен, жөнөкөйлүүлүктө экен. А биз керсеңдеп, кайкалактап моюнубузду асманга сүйрөп атып анан башыбызга келген тоголок дөөлөттү тоголотуп ийет экенбиз. Анан балким апамдын кичинекей кезимден бери кулагыма куюп жүргөн нерсеси көкүрөгүмө кыт болуп уюп калганбы дейм. Апам айтчу: “Менин жеткен чегим ушу, мындан ары өсө албайм десең анда кайкаңда, а бирок менин өсүшүм дагы бар дей турган болсоң, анда жөнөкөй бол”, - деп. Балким ушул сөз кагылган казыктай болуп терең кагылып калгандыр. Мен журналист катары ар кандай элдер менен аралашып жүрөм, көп адамдар менен баарлаштым, анан кейкеңдеп, кайкаңдап өзүн жылдыз сезгендердин доору бат бүтөт экен. Эң чоң бийиктикке жеткен адамдар менен сүйлөшүп калам ушунчалык жөнөкөй. Анан ошондой кишилерге суктанып ошолорго карап түздөнө баштайт экенсиң. Жөнөкөйлүктү сенин адамдык сапатыңдагы бир асылдык кылып алсаң, көп дөөлөт да келет экен, ырыскы да келет экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?