Иликтөө: кыргыз журналистикасы реформага муктаж

Иликтөө: кыргыз журналистикасы реформага муктаж
9-Окт. 2019, Шаршемби, 16:14

8-октябрда "Data Lab" консалтинг агенттигинин жетекчиси Гүлнура Төралиева “Кыргызстандагы журналистика билими чоң реформага муктаж” деген аталыштагы иликтөөсүн медиа-эксперттерге жана журналисттерге тааныштырды.

Ал өзүнүн иликтөөсүнүн жыйынтыгында журналистика жаатындагы билим берүү тармагы, деги эле журналистиканын азыркы абалы начарлап кеткенин белгиледи.

“Журналистика жаатындагы билим берүү тармагы, атап айтканда, журналистиканы аяктаган студенттердин квалификациясы мезгил талабына жооп бербейт. Бул жерде журналистикага таасир берген эки факторду айтып кетпесек болбойт. Биринчиси, бул советтик мезгилден калган мурас. Ал учурда журналистика үгүт иштеринин инструменти катары кабыл алганбыз. Экинчиси, дагы эле арыла албай жаткан журналистика факультетиндеги филологиялык багытка өзгөчө басым жасоо” , – деди Төралиева.

Гүлнура Төралиева иликтөөнүн алкагында университеттердеги окуу програмалары өтө эле эски экенине күбө болгонун айтат. Анын белгилешинче, ааламдашуу доорунда студенттер үчүн заманбап мультимедиалык студиянын жана журналистика боюнча кыргыз тилиндеги окуу куралдардын жоктугу студенттер үчүн бир топ кыйынчылык жаратууда.

“Көпчүлүк мугалимдер чоң тажрыйбага ээ. Бирок качан биз тереңирээк изилдей келгенде алардын тажрыйбасы эски экенин түшүндүм. Азыркы учурда мультимедиалык редакцияга багыт алып жаткан чакта жаңылык жеткирүүнүн ыкмалары да өзгөрдү. Биз алардын тажрыйбасы студенттер үчүн анча пайдалуу эмес деген тыянакка келдик

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегеновдун айтымында, журналистика факультетиндеги мугалимдердин 80-90 пайызы ошол окуу жайды бүтүп алып эле сабак берип калып калышкан. Ал биринчи кезекте журналистика тармагында эмгектенген мугалимдердин өзүнүн кызыкчылыгы болушу керектигин баса белгиледи.

“Биз, “Журналисттер” коомдук бирикмеси жаштарды “тажрыйба өтөгүлө, макала жазууну, маек алууну үйрөнгүлө” деп чакырабыз. Бирок келишпейт, аларды кызыктырбайт. Эң башкысы, жайдын күнү ата-энесине жардам бериш керек. Андан сырткары, кечкисин кафелерде официант болуп акча таап алган маанилүүрөөк. Мен өзүм дагы тележурналистикада мугалим болгом. Болгону 7 студент отурчу. Муну мамлекеттин ойлогонго да убактысы жок, чама-чаркысы жетпейт. Көйгөй бар деп айтып коюшат. Ага сүңгүп кирип кызыгышпайт”, – деди Тулегенов.

Ал эми медиа-эксперт Марат Токоев журналистиканын деңгээлин жогорулатуу үчүн биринчи кезекте Билим берүү жана илим министрилиги мугалимдерди атайын багыттагы курстарга жиберип турушу керек деген ойдо:


“Министрликте атайын мугалимдердин билим деңгээлин жогорулаткан атайын курстар жок. Мугалимдердн “журналисттер үчүн болуп жаткан окуутуулар болсо, чакырып койсоңор” деген көп каалоо-тиектерди угабыз. Чынын айтканда, мугалимдер демилгечи түрүндө катары чыгышат, бирок аны менен көп ишти жасай албайсың. Бул ырааттуу түрдө кете турган иш болушу шарт. Бул жагынан туруктуу каржылоо керек. Польша билим берүү тармагын өтө жакшы реформалап алды. Ал жакта жылына эки ирээт билимин жогоруталуучу курстан өтүп турушат. Эгер өтпөсөң жумуштан айрылып калышың мүмкүн”.


Иликтөөдө айтылгандай, Кыргыз улуттук, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-орус славян университетинин журналистика факультетинде практикалык сабактар аз өтүлөт. Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинде студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн экен. Бирок бул университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү пиар же жарнама жаатындагы ишке орношкон. ЖМКнын редакторлору БААУнун бүтүрүүчүлөрү кыргыз жана орус тилинде сапаттуу текст жаза албайт деген ойду карманышуда. Анткени, бул университетте сабактардын көпчүлүгү англис тилинде өтөт.

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында журналистика кесиби боюнча билим берген 11 окуу жай бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР